АКШ Орусияга каршы ядролук курал жасайт

АКШлык генерал, өлкөсүнүн Орусияга каршы аз таасирдүү ядролук курал платформаларынын санын көбөйтүшү керектигин айтты.

934442
АКШ Орусияга каршы ядролук курал жасайт

АКШнын Стратегиялык күчтөр командири армия генералы Жон Хайтен, өлкөсүнүн Орусияга каршы аз таасирдүү ядролук курал платформаларынын санын көбөйтүшү керектигин айтты.

Армия генералы Хайтен, 2019-жылга карата Стратегиялык күчтөр командирлиги үчүн бөлүнгөн бюджет темасында АКШ Сенатынын Куралдуу кызматтар комитетинде сөз сүйлөдү.

АКШнын Ядролдук статус документинде, АКШнын Коргоо департаментинин деңизге жайгаштыруу үчүн аз таасирдүү ядролук курал жасоо планына байланыштуу суроолорго жооп берген армия генералы Хайтен, бул куралдардын Орусиядан келе турчу коркунучтарга каршы иштелип чыгаарын белгиледи.

АКШлык командир, Орусиянын президенти Владимир Путиндин 18 жыл мурда Москванын доктринасынын, кадимки жагдайда ядролук курал колдонгондугун айтканын эске салып: «Орусия бул доктринаны 18 жылдан бери улантып келе жатат. Буга жооп берүү жөндөмдүүлүгүнө муктаждыгыбыз бар. Мындан баш тарттырышыбыз керек»,-деди.

АКШлык командир Орусиядан сезген коркунуч жоюлган учурда аты аталган куралдын жасалышын токтото алаарын айтты.



Тектеш кабарлар