Түндүк Корея ядролук куралдарын жоюуну кабыл алабы?

Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын адистери Корея жарым аралын ядролук куралдардан тазалоо боюнча сүйлөшүү өткөрүштү.

932986
Түндүк Корея ядролук куралдарын жоюуну кабыл алабы?

Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын адистери Корея жарым аралын сүйлөшүштү.

3 өлкөнүн коопсуздук боюнча адистери, АКШнын Сан-Франциско шаарында жолугуп, Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазалануусун сүйлөшүштү.

Түштүк Кореянын маалымат агенттиги «Йонхап», Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Чунг Эййонгдун аптанын акырында АКШга барып жолугушууларды өткөргөнүн маалымдады.

Чунг, АКШнын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Раймонд Макмастер жана Япониянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Шотаро Ячинин жолугушуусунда Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышы  темасын карап чыгышты.

Жыйналышта Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын коопсуздук боюнча адистери, алдыдагы апталарда үчтүк кызматташтыкты  күчтөндүрүү темасында макулдашты.

Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук  боюнча кеңешчиси Чунг Эййонг, Ак үйдө АКШнын президенти Трампка Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындан жолугушууга чакыруу барагын алып келип, Трамптын чакырууну кабыл алганын жана эки лидердин май айында жолугуша тургандарын жарыялаган.

Кимдин Түндүк Кореянын мындан кийин ядролук же баллистикалык ракета сыноосун кылбай турганынын убадасын бергенин айткан Чунг, Түндүк Кореянын лидеринин АКШ жана Түштүк Кореянын ортосундагы туруктуу аскердик машыгуулардын уланышы керектигин түшүнгөнүн белгилеген.

Ак үйдүн катчысы Сарах Сандерс да жазуу түрүндөгү жарыясында, Трамптын Кимдин жолугушуу чакыруусун кабыл алганын ырастап, жолугушуунун орду жана убагынын кийин белгилене турганын айткан.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                    



Тектеш кабарлар