LED менен ракты дарылоо
Түштүк кореялык илимпоздор ракты дарылоонун жаңы ыкмасын ойлоп табышты.
Түштүк кореялык илимпоздор LED (Жарык чыгаруучу диод) менен лапароскопияны колдонгон, агрессивдүүлүгү эң төмөн ракты аныктоо жана дарылоо ыкмасын ойлоп табышты.
Йонхап агенттигинин кабарына караганда Кореядагы Электротехнология институту, бир гана рактуу клеткаларды бутага алган технология иштелип чыкканын, аты аталган технология менен адистик маалыматынын жергиликтүү фирмага өткөрүлүп бериле турганын билдирди.
LED жарыктарын колдонуп рак клеткаларын аныктаган ыкмада, дарылоо үчүн PDT (фотодинамикалык терапия) лазер колдонулууда.
PDT, жарыкка сезимталдуу айрым дарыларды колдонуп белгилүү жарык түрлөрүн кыймылга келтирүүдө, ушундайча дарылоо оңой болууда. Жарык бир гана рактуу клеткаларды бутага алгандыктан PDT таасирдүү дарылоо ыкмасы болуп эсептелет.
Лапароскопияга негизделген PDTнин медицина тармагында өтө таасирдүү болоору белгиленүүдө.
Тектеш кабарлар
Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда
Путинди борбор шаар Ханойдо Вьетнамдын президенти То Лам мамлекеттик салтанат менен тосуп алды.