Дональд Трамп менен Мун Чжэ Ин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Ак үйдүн катчысы Сарах Сандерс да берген жазуу түрүндөгү маалыматта Трамптын Кимдин жолугушуу чакыруусун кабыл алгандыгын ырастаган.

931800
Дональд Трамп менен Мун Чжэ Ин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Ин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү. Ак үйдөн берилген маалыматта сүйлөшүүдө Түндүк Корея тууралуу темалардын каралгандыгы белгиленди. Пхеньян өкмөтүнө жасалган кысымдын улантылышынын мааниси белгиленген сүйлөшүүдө эки лидер «Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышы үчүн Түндүк Кореянын сөздөрү эмес, так кадамдарынын ачкыч болору тууралу макулдашышты.

Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Чунг эбини Ён өткөн жумада Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трампка Түндүк Кореянын лидери Ким Ченг Индин жолугушуу чакыруусун билдирип, Трамптын чакырууну кабыл алгандыгын жана эки лидердин эң кеч май айынын акырына чейин жолугуша аларын билдирген болчу.

Кимдин Түндүк Кореянын мындан кийин ядролук же баллистикалык ракета сыноодон алыс турары боюнча убада бергендигин белгилеген Чунг Түндүк Кореянын лидеринин АКШ менен Түштүк Кореянын ортосундагы аскердик машыгуулардын улантылышы керектигин түшүнгөндүгүн белгилеген.

Ак үйдүн катчысы Сарах Сандерс да берген жазуу түрүндөгү маалыматта Трамптын Кимдин жолугушуу чакыруусун кабыл алгандыгын ырастап, жолугушуунун жери жана убактысынын кийинчерээк белгиленерин билдирген.



Тектеш кабарлар