Италияда Ливанга колдоо жыйыны болуп өттү

Римде болгон жыйынга 40тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

931124
Италияда Ливанга колдоо жыйыны болуп өттү

Италиянын борбор шаары Римде Ливан улуттук армиясы жана ички коопсуздук күчтөрүнө колдоо берүү үчүн Эл аралык колдоо тобунун министрлер жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга Түркиянын атынан улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли катышты.

Римде болгон жыйынга 40тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Жыйындан кийин Италиянын тышкы иштер министри Ангелино Алфано, Ливандын премьер  - министри Саад Харири жана БУУнун Ливан атайын өкүлү Жахлер Кардел биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү.

Ливандын премьер  - министри Харири 400 миллион евролук жардам берерин билдирген Франция менен өлкөсүнө жардам берген өлкөлөргө рахмат айтты. Жыйындын акырында жарыяланган маалыматта Ливан улуттук армиясынын ДЕАШ террордук уюм жана башка террордук уюмдардын жеңилүүгө учуратылышында абдан чоң ийгиликтүү роль ойногондугу белгиленди.

 

 

 



Тектеш кабарлар