АКШ менен Түркия сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат

Хизер Науэрт сүйлөшүүлөргө байланыштуу сереп салды.

931045
АКШ менен Түркия сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Науэрт, Манбиж темасында макулдаша алуу максатында Түркия менен сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын айтты.

Хизер Науэрт күнүмдүк маалымат жыйынында, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында жикчил террордук уюм ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө терророристтерди жок кылуу, дос жана боордош аймак элин кысым жана зулумдуктан куткаруу үчүн 20-январда баштаган «Зайтун бутагы» операциясы жана Манбиж темасындагы сүйлөшүүлөргө байланыштуу сереп салды.

Басма сөз катчы: «Түркия менен Манбиж темасында көптөгөн сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Макулдашуу түзүү үчүн дагы деле аракет кылуудабыз»,-деп айтты.

Афринге байланыштуу суроого болсо: «Белгилүү болгондой биз Африн аймагында операция жүргүзбөй элебиз, ал жер операция аянтыбыз эмес»,-деди.

Бул учурда АКШлык жогорку даражалуу бир жооптуу кызматкер, эки өлкөнүн ортосунда 19-мартта өткөрүлүшү пландалган Сирия жыйналышынын 21-мартта болоорун билдирди.



Тектеш кабарлар