Орусия менен Англия БУУда бири-бирин күнөөлөдү

БУУнун коопсуздук кеңеши мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен кызынын ууланышы тууралуу шашылыш жыйналышка чогулду.

930512
Орусия менен Англия БУУда бири-бирин күнөөлөдү

Англия, мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен кызынын ууланышы тууралуу шашылыш жыйналышка чакырган БУУнун коопсуздук кеңешинде Орусияны «киши өлтүрүү аракетин кылуу жана мыйзамсыз көчтү колдонуп эл аралык укукту бузуу» менен күнөөлөдү.

Бул айтымдарды четке каккан Орусия Англияга биргелешип териштирүү жүргүзүү чакырыгын салды.

БУУнун коопсуздук кеңеши мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен кызынын ууланышы тууралуу шашылыш жыйналышка чогулду.

Англиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Жонатан Аллен, Орусияны Скрипаль менен кызы Юлияны «киши өлтүрүү аракетин кылуу жана мыйзамсыз көчтү колдонуп эл аралык укукту бузуу» менен күнөөлөдү.

Орусиянын «мамлекет колдоосу менен киши өлтүрүү, башка өлкөлөргө кийлигишүү, жарандардын жашоосун көрмөксөнгө салуу аракети бар экенин» айткан Аллен, Орусиянын Сирияда да химиялык курал колдонгон режимди «көп жолу коргоп, колдогонун» айтты.

Орусиянын «ченемсиз кыймылдарына» каршы экендиктерин айткан Аллен, БУУнун коопсуздук кеңешине Улуу Британия менен кеңешүү чакырыгын салды.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли да Англиядагы нерв газын колдонуу боюнча Орусияны жооптуу көрүп, Орусиянын «аесуз кылмыш кылганын» айтты.

АКШнын Улуу Британия менен «так колдошууда» экенин айткан Хейли: «Орусия кыймылдарына жооп бериши керек»,-деди.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия болсо, Скрипаль жна кызынынын ууланышынын артында Орусия турганы жөнүндөгү айтымдарды четке какты.

Небензия, Англиянын премьер-министри Тереза Мэйдин БУУнун баш катчысы Антонио Гутерришке жиберген кат жана консейде болгон маалымдоолор Орусияга каршы «жоопкерчиликсиз жана коркутуучу» айтымдарды камтыганын жана мунун «кабыл алынгыс» экенин айтты.

Небензия: «Лондондун башкаларды күнөөлөөдөн мурда өз жерлеринде эмнелер болгонун түшүнүшү керек, анткени сылык адамдар ошондой кылышат...Биздин бул окуяларга эч кандай тиешебиз жок. Биз биргелешип териштирүүгө даярбыз. Эч нерседен коркконубуз жок жана жашырган эч нерсебиз жок»,-деди.



Тектеш кабарлар