Британияда 23 орус дипломаты өлкөдөн чыгарылат

Британия өзгөчө Москва менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларды токтоткондугун билдирди.

929811
Британияда 23 орус дипломаты өлкөдөн чыгарылат

Британия  мурунку орус агенти Сергей Скрипалдын ууланышына каршылык катары 23 орус дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Британиянын премьер  - министри Тереза Мэй парламенттин астыңкы канаты Общиналар палатасында  сүйлөгөн сөзүндө  Скрипал жана кызы Юлиянын өткөн жумада Солсбериде газ менен улангандыгына байланыштуу ортого чыккан 23 орус дипломатты өлкөдөн чыгарышарын билдирди.  

Мэй мунун Суук согуш мезгилинен бери эң чоң окуя экендигин белгилеп : «Орус дипломаттардын өлкөдөн чыгарылышы орус чалгындоосунун Британия жерлериндеги иштерин көптөгөн жылдар үзгүлтүккө учуратат»,- деди. Мэй дипломаттарга өлкөдөн чыгып кетиши үчүн 1 жума убакыт беришкендерин айтты.

Британия өзгөчө Москва менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларды токтоткондугун билдирди.

Британия королдук үй  - бүлөсүнүн да Орусияда өткөрүлө турган 2018  дүйнөлүк кубокко катышпай тургандыгы белгиленүүдө.

Британия мурунку орус агенти Сергей Скрипал жана кызы Юлиянын өткөн жумада газ менен уулануу окуясына байланыштуу териштирүүдө келинген жер тууралуу маалымат берүү үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан чукул чогулууга чакырган болчу.

Орусиянын тышкы иштер минитрлигинин катчысы Мария Захарова Британиянын премьер  - министри Мэйдин Москвага карата санкцияларына жакынкы убакта министрликтин деңгээлинде жооп берилерин айтты.

 



Тектеш кабарлар