Түндүк Корея менен АКШнын жолугушуусуна Кытай кызыкдар

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин,Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Индин атайын өкүлү катары Кытайга келген Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Чунг Еййонгду (Chung Eui-Yong)кабыл алды.

928405
Түндүк Корея менен АКШнын жолугушуусуна Кытай кызыкдар

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин, АКШ жана Түндүк Кореянын мамлекет башчылары менен эки Кореянын мамлекет башчыларынын ортосунда боло турган жолугушууларды колдой тургандарын билдирди.

Кытайдын мамлекет башчылыгынын жарыясына караганда Си, Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Индин атайын өкүлү катары Кытайга келген Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Чунг Еййонгду (Chung Eui-Yong)кабыл алды.

Чунгду Түндүк Корея жана АКШга жибергени үчүн Мунду мактаганын билдирген Кытайдын мапмлекет башчысы Си, апрель айынын акырында Мун менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана май айына пландалган АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кимдин ортосундагы жолугушуулардын «кынтыксыз өтүшүн» каалагандарын айтты.

Эки Кореянын ортосундагы карым-катнаштардын жакшыртылышын каалагандарын айтып Вашингтон менен Пхеньян башкаруучуларынын ортосунда диалог жана жолугушууларын  болушун колдогондорун билдирген Си, Корея жарым аралынын ядролук куралдан тазаланышын жана эки тараптын ортосундагы карым-катнаштардын нормалдаштырылуусу темасында маанилүү илгерилөө катталышын күткөндөрүн баса белгиледи.

Атайын өкүл Чунг да жарым аралда оң жылыштар болушунда маанилүү роль ойногондорун белгилеп өттү. Сиге бул темада ыраазычылыгын билдирген Чунг, Сеул бийлигинин Жарым аралда учурдагы абалдын улантылышы үчүн Пекин бийлиги менен жакын координацияны улантууну каалагандарын айтты.

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун, Түндүк Корея тарабы менен Пхенчхан-2018 кышкы Олимпиада оюндарына көрсөткөн чынчыл мамилесинен улам Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кенңешчиси Чунгду бир делегация менен бул өлкөгө атайын өкүл сыпаты менен жөнөткөн.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушууларды өткөргөн Чунгдун сапарында Сеул жана Пхеньян башкаруучуларынын лидерлеринин апрель айынын акырында бир саммитте жолугушуусуна чечим чыгарылган.

Бул өлкөдөгү жолугушууларынан кийин АКШга аттанган Чунг, Кимдин билдирүүлөрүн АКШга жеткирген эле.

АКШнын президенти Трамптын да Ким Чен Ындын билдирүүсүн угуп, анын чакыруусун кабыл алганы маалымдалган.



Тектеш кабарлар