Трамп ханзаада Салман менен жолугат
Трамп менен Салман Ак үйдө жолугушуу өткөрөт.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман 20-мартта Ак үйдө жолугат.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс күнүмдүк маалымат жыйынында, Трамптын ханзаада Салман менен жолугаарына байлануштуу расмий малымат берди.
Сандерс: «Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман 20-мартта президент Трамп менен Ак үйдө жолугат»,-деп билдирди.
Америка коомдук пикиринде көптөн бери бул сапар тууралуу сөз болуп жаткан бирок сапардын күнү так эмес болчу.
Мурскор ханзаада Салман өткөн жумада Англияга сапар жасап жана премьер-министр Тереза Мэй менен жолуккан.
Ханзаада Салман айрыкча Англиянын ханышасы 2-Элизабет, Англиянын мураскор ханзаадасы Чарльз жана Кембридж герцогу Уильям менен да кезиккен болчу.