Эфиопиядан миңдеген киши Кенияга баш калкалады

2 миңден ашуун эфиопиялыкты Кызыл Крест кызматкерлери тарабынан тосуп алып жардам көрсөткөндүгү белгиленди.

928744
Эфиопиядан миңдеген киши Кенияга баш калкалады

Эфиопиянын түштүк чек арасындагы Мойале аймагында болгон окуялардан кийин миңдеген киши Кенияга баш калкалады.

Кения Кызыл Крест коомунан берилген маалыматта чек арадан өткөн 2 миңден ашуун эфиопиялыктын Кызыл Крест кызматкерлери тарабынан тосуп алып жардам көрсөткөндүгү белгиленди.

Маалыматта көпчүлүгү аялдар менен балдар болгон баш калкалоочулардын 4 башка борбордо жашап жатышкандары билдирилди. Баш калкалоочуларга азык  - түлүк, тазалык жана медициналык материалдар берилип, аймакта 12 саламаттык сактоо кызматкеринин мадициналык жардам көрсөткөндүгү билдирилди.

Эфиопия армиясы жуманын акырында террордук уюм Оромо Боштондук фронтуна карата жүргүзүлгөн операцияда 9 жарандын жаңылыштык менен өлтүрүлгөндүгүн билдирген болчу.

Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды башкаруу үчүн курулган аскердик буйрук борборунан берилген маалыматта окуя тууралуу териштирүүнүн ачылгандыгы жана 5 аскердик кызматкердин камоого алынгандыгы билдирилген.

Эфиопиянын премьер  - министри Хайлемариам Десаленгендин өткөн айда кызматынан жана коалицияны  Эфиопия элдеринин төңкөрүшчү демократ фронтунун жетекчилигинен кетишинен кийин өлкөдө улантылып жаткан оппозициячыл митингдер жана зомбулук окуялардан улам өзгөчө кырдаал жарыяланган болчу.



Тектеш кабарлар