Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Йеменге медициналык жардам жөнөттү

55 тонналык медициналык жардам Санага жетти.

928456
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Йеменге медициналык жардам жөнөттү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан, дары-дармек жагынан кыйынчылыктарды тартып жаткан Йеменге жөнөтүлгөн 55 тонналык медициналык жардам борбор шаар Санага жетти.

Хусилерге караштуу Себе маалымат агенттиги, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жөнөткөн жардамды ташыган учактын Сана эл аралык аэропортуна жеткенин билдирди.

Булар медициналык аппараттар, антибиотиктер, кан жана капельницалар менен катар тез жардам материалдарынан турат.

Сауд Арабиянын жетекчилигиндеги коалиция күчтөрү колдогон мыйзамдуу өкмөт менен хусилердин ортосунда орто эсеп менен 3 жылдан бери катуу кагылышуулар уланып келе жаткан Йеменде саламаттык сактоо тармагында чоң кыйынчылыктар болуп жатат.



Тектеш кабарлар