Сирия режими Чыгыш Гутаны үчкө бөлдү

Режим жана колдоочулары 3-мартта БУУнун копсуздук кеңешинин 24-февралда чыгарган ок атпоо токтомуна баш ийбей Орусиянын абадан колдоосу менен Чыгыш Гутада кургактыктан кыймыл баштаткан.

928100
Сирия режими Чыгыш Гутаны үчкө бөлдү

Сирияда Башар Асад режими жана колдоочулары курчоодо кармаган Чыгыш Гутаны басып алыш үчүн баштаткан кургактык чабуулунун алкагында илгерилеп аймакты үчкө бөлдү.

Режим жана колдоочулары 3-мартта БУУнун копсуздук кеңешинин 24-февралда чыгарган ок атпоо токтомуна баш ийбей Орусиянын абадан колдоосу менен Чыгыш Гутада кургактыктан кыймыл баштаткан.

Орусиянын абадан колдоосу менен илгерилеген режим жана колдоочулары, кечээ Мисраба жана Медиере аймактарын басып алыш үчүн аймакты экиге бөлгөн.

Режим бүгүн Хареста районун курчоого алып аймакты үчкө бөлдү.

Дума району түндүктө, Хареста району ортодо, Арбин, Хаммурие, Земелка, Жисрин, Кефер Батна жана Айн Терма аймактары болсо түштүк жакта калды.

Режим күчтөрү Чыгыш Гутаны бөлүп жарып дагы ылдам түрдө басып алууну максаттоодо.

Жарандык коргонуу булактарынан алынган маалыматка караганда, режим жана кошоматчылары Сабка, Жисрин, Земелка аймактарына абадан жана кыргактыктан кол салууларын бүгүн да улантты.

Кол салуулардын натыйжасында Жисрин аймагында Жарандык коргонуу кызматында иштеген бир киши каза тапты.

Кечээки кол салууларда жалпы 35 киши каза болгон.

Режим жана колдоочуларынын Чыгыш Гутага 19-февралдан бери абадан жана кургактыктан кол салууларында каза болгондордун саны 944кө жетти.



Тектеш кабарлар