Кытай Трамп менен Кимдин жолугушуусун колдой турганын билдирди

Си Цзиньпин, АКШ жана Түндүк Кореянын мамлекет башчылары менен эки Кореянын мамлекет башчыларынын ортосунда боло турган жолугушууларды колдой тургандарын билдирди.

928112
Кытай Трамп менен Кимдин жолугушуусун колдой турганын билдирди

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин, АКШ жана Түндүк Кореянын мамлекет башчылары менен эки Кореянын мамлекет башчыларынын ортосунда боло турган жолугушууларды колдой тургандарын билдирди.

Кытайдын мамлекет башчылыгынын жарыясына караганда Си, Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Индин атайын өкүлү катары Кытайга келген Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Чунг Еййонгду (Chung Eui-Yong)кабыл алды.

Чунгду Түндүк Корея жана АКШга жибергени үчүн Мунду мактаганын билдирген Кытайдын мапмлекет башчысы Си, апрель айынын акырында Мун менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана май айына пландалган АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кимдин ортосундагы жолугушуулардын «кынтыксыз өтүшүн» каалагандарын айтты.

Эки Кореянын ортосундагы карым-катнаштардын жакшыртылышын каалагандарын айтып Вашингтон менен Пхеньян башкаруучуларынын ортосунда диалог жана жолугушууларын  болушун колдогондорун билдирген Си, Корея жарым аралынын ядролук куралдан тазаланышын жана эки тараптын ортосундагы карым-катнаштардын нормалдаштырылуусу темасында маанилүү илгерилөө катталышын күткөндөрүн баса белгиледи.

Атайын өкүл Чунг да жарым аралда оң жылыштар болушунда маанилүү роль ойногондорун белгилеп өттү. Сиге бул темада ыраазычылыгын билдирген Чунг, Сеул бийлигинин Жарым аралда учурдагы абалдын улантылышы үчүн Пекин бийлиги менен жакын координацияны улантууну каалагандарын айтты.



Тектеш кабарлар