Канададан Сирия үчүн Асадга шартсыз ок атууну токтотуу чакыруусу келди

Канаданын тышкы иштер министри Кристиа Фриленд жана Эл аралык өнүгүү министри Мари-Клод Бибо Сирияда Чыгыш Гутаны да ичине алган шартсыз ок атышпоонун түзүлүшү керектигин билдирди.

926708

Кристиа Фриленд жана  Мари-Клод Бибо жарыялаган орток билдирүүсүндө Сирияда Башар Асад режиминин адамзатка каршы кылмыш кылгандыгын белгиледи. Маалыматта Канаданын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2401 номердүү чечиминде белгиленген, Чыгыш Гута да болгон Сириядагы адамзаттык ок атышпоонун дароо жана толугу ишке ашырылышын талап кылгандыгы баса белгиленди. Өзгөчө маалыматта : «Чыгыш Гутага толук, ишенимдүү жана тоскоолдуксуз гуманитардык жардам жеткирилиши керек. Жарандарды өлтүрүүнү токтотуу, гуманитардык жардам материалынын чукул түрдө жеткирилишине мүмкүнчүлүк түзүү жана оорулуулардын аймактан чыгарылышына ишенимдүү жана тоскоолдуксуз уруксат берүү үчүн дароо шартсыз ок атышпоо түзүлүшү керек»,- деген сөздөргө орун берилди.

Тектеш кабарлар