Кытай эки лидердин планын колдоду

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын сүйлөшүүнү пландап жатат.

926164
Кытай эки лидердин планын колдоду

Кытай, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосунда өткөрүлүшү пландалган сүйлөшүүнү колдоду.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жинг Шуанг борбор шаар Пекинде өткөргөн кезектеги маалымат жыйынында, май айына пландалган сүйлөшүүгө байланыштуу: «АКШ менен Түндүк Кореянын түздөн-түз диалог кура турганы жөнүндөгү маалыматтарды ыраазычылык менен кубаттайбыз»,-деп айтты.

Корея жарым аралынын ядролук маселесинин чечилүүсүнө багытталган туура кадам ташталганын белгилеген Шуанг, тараптардын маселени диалог жана сүйлөшүү аркылуу чечүүсүн толугу менен колдогондорун айтты.

Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Чунг Еуи Ёнг, АКШнын президенти Дональд Трамптын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын чакыруусун кабыл алганын жана эки лидердин май айында жолугуша турганын билдирдирген болчу.

Ким Чендин Түндүк Кореянын мындан кийин ядролук же баллистикалык ракета сыноо өткөрүүдөн алыс тураарын убада кылганын айткан Чунг, Түндүк Корея лидеринин АКШ менен Түштүк Кореянын ортосундагы күнүмдүк аскердик машыгуулардын улануусу керектигин түшүнгөнүн белгилеген.



Тектеш кабарлар