Европа Биримдигинде аялдардын кирешеси эркектердикинен аз

Буга байланыштуу көрсөткүчтөр жарыяланды.

925092
Европа Биримдигинде аялдардын кирешеси эркектердикинен аз

Европа Биримдигинде аялдар эркектерге салыштырмалуу орточо 16 пайыз дагы аз киреше тапты.

Европанын статистика кызматынын көрсөткүчтөрүнө караганда, 2016-жылы Европа Биримдигинде бир эркектин саат сайын тапкан ар бир еврого салыштырмалуу, бир аял орточо 84 цент тапты.

Көрсөткүчтөр Европа Биримдиги өлкөлөрүндө жыныстарга жараша киреше айырмасынын өзгөчө Германия менен Англияда жогору экенин ортого салды.

Аты аталган өлкөлөрдө, эркектерге төлөнгөн акы аялдарга салыштырмалуу 21 пайыз дагы көп болду.

Бир тараптан Румыния, Италия жана Люксембургда болсо айырма 5 пайыз деңгээлинде калса, Францияда орточо 14 пайыз болду.



Тектеш кабарлар