Тунисте өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды

Сибсинин жалпы өлкөдө өзгөчө кырдаалдын 12 -  марттан баштап 7 ай дагы узартуу чечимин  чыгаргандыгы белгиленди.

924312
Тунисте өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды

Президенттиктен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта премьер  - министр Юсуф Шахид менен парламенттин спикери Мухаммед Насырдын сүйлөшүүсү менен Сибсинин жалпы өлкөдө өзгөчө кырдаалдын 12 -  марттан баштап 7 ай дагы узартуу чечимин  чыгаргандыгы белгиленди.  

Тунисте 2015 -  жылдын ноябрь айынан бери келе жаткан өзгөчө кырдаал өткөн айда бир айлыгына узартылган болчу.

Борбор шаар Тунистин Мухаммед Хамис проспектисинде 2015 -  жылы 24 -  ноябрда президенттиктин гвардия полкун бутага алган бомбалуу кол салуудан кийин өлкөдө жарыяланган бир айлык өзгөчө кырдаал жарыяланып, кийинки процессте бир топ жолу узартылган.

Өзгөчө кырдаал ички иштер министрлиги жана коопсуздук бөлүктөрүнө жыйындарга тыюу салуу, көчөгө чыгууга тыюу салууну жарыялоо, соттун уруксатысыз тинтүү буйругу, басма сөздү текшерүү сыяктуу жоопкерчиликтерди берүүдө.



Тектеш кабарлар