Дүйнөнүн эң бай кишиси Жефф Безос

«Forbes» журналы 31 -  жолу жарыялаган «Дүйнө миллиардерлери» тизмесин билдирди.

924560
Дүйнөнүн эң бай кишиси Жефф Безос

Дүйнөнүн эң бай ысмы, көптөгөн жылдар эң жогорку чекке жеткен Microsoftун куруучусу Билл Гейтсти тактысынан түшүргөн Амазондун куруучусу жана жогорку башкаруучусу СЕО Жефф Безос болду. «Forbesтин» тизмесинде тарыхында биринчи жолу 100 миллиард доллар чегин ашкан Безос 112 миллиард долларлык байлыгы менен дүйнөнүн эң бай ысмы катары каттоого өттү.

Билл Гейтс 90 миллиард долларлык байлыгы менен бул жылы экинчи орунда калды. Berkshire Hathawayдын ээси инвестор Уоррен Баффет болсо 84 миллиард долларлык байлыгы менен дүйнөнүн эң бай үчүнчү ысмы болду.

Louis Vuittonдун ээси француз Бернард Арнаулт 72 миллиард доллар менен төртүнчү, фейсбуктун куруучусу  Марк Цукерберг 71 миллиард долларлык байлыгы менен бешинчи орунду алды.

40 түрк да орун алган тизмеде түрктөрдүн жалпы байлыгы 72, 4 миллиард долларга жогорулады. Тизмеде орун алган түрктөрдүн оордугу өткөн жылга караганда маанилүү катнашта артты. Түрктөрдүн жалпы саны өткөн жылга караганда тогуз, жалпы байлыгы болсо 20, 2 миллиард долларга өсүү көрсөттү.

Түркиянын эң бай кишиси Мурат Үлкер 4, 8 миллиард долларлык байлыгы менен дүйнөлүк тизмеде 422 – орунду алды.

АКШнын президенти Дональд Трамп болсо дүйнөнүн эң байлары тизмесинде 766 -  орунду алды. Трамптын байлыгы 400 миллион долларга жакын азайып, 3,1 миллиард долларга артка кетти.



Тектеш кабарлар