АКШ Түндүк Кореяга карай жаңы шылтоо тапты

АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын жазуу түрүндөгү жарыясы...

924585
АКШ Түндүк Кореяга карай жаңы шылтоо тапты

АКШ Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өгөй агасынын өлтүрүлгөнү боюнча бул өлкөгө жаңы санкция киргизүү чечимин чыгарды.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында, жаңы санкция токтомуна Ким Чен Намдын өлтүрүлүшү себеп көрсөтүлдү.

«Түндүк Корея өкмөтү, химиялык согуш боюнча тыңчысы VX колдонуп Куала-Лумпур аэропортунда Ким Чен Намды өлтүрдү» деген билдирүүдө, санкциянын мазмуну туурасында маалымат берилген жок.

Ким Чен Ындын өгөй агасы Ким Чен Нам, 2017-жылы 13-февралда Малайзияда дуушар болгон кол салууда көз жумган.

Эки аял тыңчынын аэропортто Ким Чен Намга уулуу ийне менен кол салганы айтылды.



Тектеш кабарлар