Макрон менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Макрон сүйлөшүүдө Орусиянын Чыгыш Гутада «адамзаттык тыныгуу» чечиминин жетерсиз экендигин айтты.

923699
Макрон менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Орусиянын президенти В. Путин телефондо сүйлөштү.

Елисей сарайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта сүйлөшүүдө Сириядагы Чыгыш Гута аймагынын абалы сөз болгондугу белгиленип : «Макрон Орусиянын Сирия режиминин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2401 номердүү чечимин ачык түрдө кабыл алышы, жарандарга каршы кол салууларды токтотушу үчүн так жана чыныгы чараларды көрүшү керектигин баса белгиледи»,- деп билдирилди.

Макрон сүйлөшүүдө Орусиянын Чыгыш Гутада «адамзаттык тыныгуу» чечиминин жетерсиз экендигин айтты жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү чечиминин негизинде гуманитардык конвойлордун муктаж болгон элге кечиктирбестен жеткирилиши керектигин бирок жеткириле албагандыгын айтты.

Путинге Сирия режиминин адамдардын ал жерден чыгарылышына тоскоол болгондугун жана ок атышпоо чечимин ишке ашырбагандыгын эске салган Макрон Орусияны убадаларын орундатуусу жана ишенимдүүлүгүн көрстөтүшү үчүн жоопкерчилик алууга чакырды.

Макрон Сириядагы адамзаттык абалды жана Чыгыш Гутаны карап чыгуу үчүн өткөн жумада АКШнын президенти Дональд Трамп жана Ирандын президенти Хасан Рухани менен телефондо сүйлөштү.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 24 -  февралда чыгарган чечим менен Чыгыш Гута жана Жалпы Сирияда жарандар үчүн адамзаттык ок атышпоо жарыяланышын суранган, бирок «кечикпестен» турмушка ашырылышына өкүм чыгарылган ок атышпоонун кандай башталары белгисиз эле.

Оппозициячылдардын текшерүүсү атындагы Чыгыш Гутада 400 миң киши 5 жылдан бери блокада астында жашоодо.

Чыгыш Гута Астана келишимдеринде «Келишпестиктерди азайтуу аймагы» деп жарыялангандыгына карабастан Орусиянын кепилдигин алган Асад  режими өткөн жылы апрель айынан баштап аймакка карата блокадасын жана акыркы айларда кол салууларын күчтөндүргөн.

Адамзаттык кризис тереңдеп бара жаткан аймакта жүздөгөнү тез жардам күткөн, миңдеген жаран аймактан чыгууну күтүүдө. Булардын көпчүлүгү балдар же оордошкон рак орулуулары. Чыгыш гуталык  көп сандаган бөбөк жана балдар дары  - дармектин жетишсиздигинен каза болду.



Тектеш кабарлар