Иран менен түзүлгөн келишим оңдолбосо АКШ келишимден баш тартат

Пенс, АКШдагы «Израилди жактаган кыймылдардын эң чоң жыйналышы» катары билинген жана жекшемби күнү башталган AIPAC-2018 конференциясында сөз сүйлөдү.

923662
Иран менен түзүлгөн келишим оңдолбосо АКШ келишимден баш тартат

АКШнын вице президенти Майк Пенс, Иран менен 2015-жылы түзүлгөн келишим алдыбыздагы айларда оңдолбосо Вашингтондун келишимден тез арада баш тарта турганын айтты.

Пенс, АКШдагы «Израилди жактаган кыймылдардын эң чоң жыйналышы» катары билинген жана жекшемби күнү башталган AIPAC-2018 конференциясында сөз сүйлөдү.

Коркунучтуу провокациялардын АКШ, Израиль жана шериктештери тарабынан көрмөксөнгө салына албай турганын белгилеген Пенс: «Иран менен болгон ядролук келишим алдыбыздагы айларда оңдолбосо, АКШ келишимден тез арада баш тартат»,-деп айтты.

Пенс, АКШнын «Ирандын башка аймактардагы агрессивдүү мамилелерине каршы» күрөшө турганын айтып, «ДЕАШтын жеңилүүсүнүн Ирандын жеңишине айлануусуна уруксат бере албайбыз»,деген серебин салды.

Вице-президент Пенс, АКШнын президенти Дональд Трамптын Кудусту «Израилдин борбор шаары» деп таануусуна да токтолду.

Трамптын берген убадасынан ашыгын орундатканын белгилеген Пенс: «Быйыл май айында АКШнын Кудустагы элчилигин ачабыз. Трамптын токтому АКШнын кызыкчылыктары жана бир эле убакта тынчтыктын кызыкчылыктары үчүн чыгарылган чечим эле. Чындыктарды аңгемелер менен алмаштырдык жана чындыктар туруктуу тынчтыктын камсыздалышынын негизги булагы»,-деп айтты.

АКШнын президенти Трамптын 6-декабрда Кудусту «Израилдин борбор шаары» деп таануу жана Тель-Авивдеги элчилигин Кудуска көчүрүү токтомун жарыялоосу АКШнын ичинде дагы эл аралык коомчулукта дагы олуттуу сындоолорго себепчи болгон.

Өзгөчө AIPAC, Жалаа жабуу жана моюнга албоочулук менен күрөшүү биримдиги, Америкадагы православдык еврей жамаатынын биримдиги, Республикачыл еврей коалициясы, Американын сионист уюму жана Американын сионист кыймылы сыяктуу АКШдагы маанилүү еврей уюмдары болсо бул токтомду колдогондорун жарыялаган.

Айрыкча еврей чөйрөлөр сыяктуу Кудус токтомунда Евангелист христиандардын жана АКШнын вице-президенти Пенстин саясий таасиринин да маанилүү роль ойногону күн тартипке келген.

Күчтүү Евангелист болгон Пенстин, Трамптын шайлоо өнөктүгү убагында бул чөйрөлөрдүн колдоосун алышында абдан таасирдүү роль ойногону белгилүү.



Тектеш кабарлар