Йеменде хусилерден 45 киши каза болду

Йемендин Сана жана Дали шаарларында мыйзамдуу өкмөткө караштуу армия менен хусилердин ортосунда чыккан кагылышууларда хусилерден 45 киши каза болду.

922010
Йеменде хусилерден 45 киши каза болду

Йемендин Сана жана Дали шаарларында мыйзамдуу өкмөткө караштуу армия менен хусилердин ортосунда чыккан кагылышууларда хусилерден 45 киши каза болду. Хусилер Дали шаарына караштуу Кутубе районунда мыйзамдуу өкмөткө таандык бир буктурмага кол салды. Кол салуудан кийин чыккан катуу кагылышууларда хусилерден 25 киши каза болуп, 15 киши да жараланды.

Бир тараптан армия күчтөрү Сананын Ерхеб районуна караштуу Херан аймагында алдыга жылууда жана хусилердин колундагы чыгыш бөлүгүндөгү Нехем району менен Жевф шаарын бири бирине байланыштырган жолго  караган буктурмаларды текшерүү астына алды.

Болгон кагылышууларда үчөөсү жогорку мартабалуу 2 хуси террористти өлтүрүлүп, аймактагы хусилер артында өлгөн кишилердин сөөктөүр менен ок – дарыларын таштап качышты.



Тектеш кабарлар