Үч министр Астанада жолугат

Александр Мусиенко журналисттерге маалымат берди.

921750
Үч министр Астанада жолугат

Түркия, Орусия жана Ирандын тышкы иштер министрлери 16-мартта жолугушат.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф, 16-мартта Казакстандын борбор шаары Астанада жолугат.

Орусиянын Казакстандагы элчисинин кеңешчиси Александр Мусиенко, журналисттерге берген маалыматында Чавушоглу, Лавров жана Зарифтин Сирия күн тартиби менен жолугуша тургандарын белгиледи.

Мусиенко аты аталган маалыматты Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановдон алганын айтты.

Мусиенко: «Ушул алкакта Абдрахмановдун, Сириядагы адамзаттык маселелердин чечилүүсү темасында чоң үмүтү бар. Бул, туткундарды айырбаштоо, барымтагылардын эркин кое берилиши, азык түлүк сыяктуу негизги азыктардын жеткирилиши жана учурда оор шарттарда жашаган балдардын абалын жакшыртууну камтууда. Орусия бул үчүн колунан келген аракетти жасап жатат жана белгилүү болгондой процессти Түркия жана Иран менен бирге чогуу жүргүзүүдө»-деп айтты.



Тектеш кабарлар