Хизер Науэрт Сергей Лавровдун маалыматына жооп берди

Науэрт : «Сөзү болгон адамзаттык коридорлорду эч кимдин колдонбогондугун көрөсүздөр".

921481
Хизер Науэрт Сергей Лавровдун маалыматына  жооп берди

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хизер Науэрт Орусиянын  тышкы иштер министри Сергей Лавровдун «Сириянын Чыгыш Гута аймагында адамзаттык коридор ачылды» деген маалыматына пресс – жыйында жооп берди. Аймакта ишемби күндөн бери 100дөн ашуун кишинин каза болгондугун белгилеген Науэрт : «Бул ок атышпоо ишке жарабайт. Орусиянын «адамзаттык коридор» деген билдирүүлөрү оюнчук сыяктуу. Орусия бир гана өзү да добуш берген БУУда чыгарылган чечимдерге баш ийиши керек»,- деди. Науэрт Орусиянын Сирияда режим күчтөрүн машыктырып, камсыз кылууну улантып жаткандыгын баса белгиледи.

Орусиянын Сириядагы абалдардан жооптуу экендигин билдирген Науэрт болуп жаткандарды абдан жакындан иликтешкендерин жана булардын өздөрү үчүн абдан олуттуу санаанын себеби болгондугун айтты. Чыгыш Гутада ок атышпоо чечиминин бир таасиринин жок экендигин жактаган Науэрт буларды айтты : «Сөзү болгон адамзаттык коридорлорду эч кимдин колдонбогондугун көрөсүздөр. Адамдар Чыгыш Гутадан чыккандан коркушууда. Себеби бул жолдордун Башар Асад үчүн иштегендигин ойлошууда. Орусия сөз кылган адамзаттык коридорлор так айта турган болсок оюнчак сыяктуу».

Лавров БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Сирияда ок атышпоо чечиминен киийн берген маалыматында Чыгыш Гутада адамзаттык коридорлордун ачылгандыгын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар