Египетте поезд кырсыгы болду

Кырсыкта 19 киши каза болду.

920265
Египетте поезд кырсыгы болду

Египеттин түндүгүндөгү Бахира шаарында болгон поезд кырсыгында 19 киши  каза болду. Египет расмий кабар агенттиги МЕНАнын маалыматында Бахира коопсуздук директору Ала Абдулфеттах кырсыктын бир жүк ташуучу поезд менен жүргүнчү поездинин кагылышуусу менен чыккандыгын билдирди.

Кырсыкта 38 киши да жараланган. Кырсыктын себеби изилденүүдө.

Эскерте кетсек Египеттин Александрия шаарында август айында болгон поезд кырсыгында  42 киши каза болгон болчу.



Тектеш кабарлар