Кытай менен Пакистандын террорго каршы кызматташтыгы

Кытайлык катчы эл аралык коомчулукка бул фактыны объективдүү жана адилеттүү түрдө карап чыгууга чакырды.

920108
Кытай менен Пакистандын террорго каршы кызматташтыгы

Кытай менен Пакистан террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты күчтөндүрөт. Кытайдын Пакистан менен террор менен күрөшүү тармагындагы байланышын жана кызматташтыгын күчтөндүрөрү билдирилди.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Лу Канг кезектеги пресс  - жыйынында Пакистандын террордун финансысынын алдын тосуу сыяктуу тармактардагы аракеттери менен жана террор менен күрөшүүгө чоң салым кошкондугун белгиледи.

Кытайлык катчы эл аралык коомчулукка бул фактыны объективдүү жана адилеттүү түрдө карап чыгууга чакырды. Катчы Пакистандын «ар кандай шартта стратегиялык кызматташтык өнөктөштүгү» болгон Кытайдын бул өлкө менен террор менен күрөшүү тармагындагы жакын кызматташтыкты жана координацияны күчтөндүрүүнү улантарын сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар