Европа Биримдиги Сириядагы кагылышуулардан тынчсызданууда

Федерика Могерини журналисттердин суроолоруна жооп берди.

919321
Европа Биримдиги Сириядагы кагылышуулардан тынчсызданууда

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынан жооптуу жогорку өкүлү Федерика Могерини Европа Биримдигинин Сирияда кагылышуулардын артышынан тынчсызданып жаткандыгын кайталады. Могерини Сириядагы ок атышпоонун кепилдери болгон Түркия, Иран жана Орусиянын араздашуулардын азайтылышында атайын жоопкерчилиги бар экендигин айтты. Жогорку өкүл Бельгиянын борбор шаары Брюсселде тышкы карым  - катнаштар кеңешинин жыйынына киргенден мурда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Могерини : «Жалпысынан мен жана тышкы иштер министрлери Сириянын бардык жеринде ар башка актерлордун аскердик операцияларынын артышынан тынчсыздануудабыз. Албетте оболу  режим жана колдоочуларынан»,- деди. Могерини сөздөрүн : «Өзгөчө да Астана процессинин кепилдери болгон Орусия, Иран жана Түркиянын кагылышуулардын күч алгандыгы эмес, кагылышуулар болбогон бир процессти гарантияга алуу тууралуу атайын жоопкерчилиги бар»,- деди.



Тектеш кабарлар