Чыгыш Гутада "адамзаттык тыныгуу"
Сергей Шойгу Сириянын Чыгыш Гута аймагында жарандык жоготуулар болбошу үчүн бүгүндөн баштап күн сайын жергиликтүү саат 09:00 жана 14тө "адамзаттык тыныгуу" берилерин айтты.
919335
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Сириянын Чыгыш Гута аймагында жарандык жоготуулар болбошу үчүн бүгүндөн баштап күн сайын жергиликтүү саат 09:00 жана 14тө "адамзаттык тыныгуу" берилерин айтты.
Шойгу борбор шаар Москвада берген маалыматында Сирияда ок атышпоого карата чечимдин БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынгандыгын эске салды. Чечимден кийин президент В. Путиндин Чыгыш Гутада адамзаттык тыныгуу жолдомосун бергендигин белгилеген Шойгу : «Берилген жолдомо тууралуу жарандык жоготуулар болбошу үчүн эртеңден баштап Чыгыш Гутада күн сайын саат 09 менен 14тө адамзаттык тыныгуу берилет. Жарандардын аймактан чыгып кетиши үчүн да адамзаттык коридор түзүлөт»,- деди.