Папа Франциск чакырык салды

Папа Франциск аянттагы миңдеген киши менен бирге дуба кылды.

918499
Папа Франциск чакырык салды

Католиктердин руханий лидери Папа Франциск, Сирия үчүн дуба кылып «адамдык сапатка жатпаган» күч колдонуунун токтотулушу чакырыгын салды.

Ватикандагы Сан-Пьетро аянтына чогулган миңдеген кишиге кайрылган Папа Франциск, Сирияда акыркы күндөрдө күчөгөн кагылышуулар тууралуу сөз сүйлөдү.

Папа Франциск: «Сирияда февраль айы, 7 жылдан бери уланып келе жаткан кагылышуулардын эң күчтүү деңгээлине жеткен мезгилдердин бири болду»,-деди.

Болуп жаткандарды «адамдык сапатка жатпаган күч колдонуу» деп сыпаттаган Папа Франциск: «Күч колдонуунун дароо токтотулушу, гуманитардык жардамдардын жеткирилишинин камсыздалышы жана жаралуулар менен оорулуулардын аймактан чыгарылып кетиши үчүн чын дилден чакырык саламын»,-деп айтты.

Папа Франциск андан соң аянттагы миңдеген киши менен бирге Сирия үчүн дуба кылды.

 



Тектеш кабарлар