БУУнун коопсуздук кеңеши Сирияда бир айлык ок атышпоо токтомун чыгарды

Швеция жана БУУнун коопсуздук кеңешинин февраль айынын кезектеги жетекчиси Кувейт тарабынан даярдалган токтом долбоору Кеңеште добушка коюлду.

917571
БУУнун коопсуздук кеңеши Сирияда бир айлык ок атышпоо токтомун чыгарды

Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши Сирияда бир айлык «гуманитардык ок атышпоо» токтомун чыгарды.

Швеция жана БУУнун коопсуздук кеңешинин февраль айынын кезектеги жетекчиси Кувейт тарабынан даярдалган токтом долбоору Кеңеште добушка коюлду.

Бир добуштан кабыл алынган долбоор менен Сирияга гуманитардык жардам жеткириле алышы жана өзгөчө режимдин курчоосу астында турган Чыгыш Гутадагы абалы оор бейтаптар жана жаралуулардын чыгарылышы үчүн эң аз бир айлык мөөнөткө гуманитардык ок атышпоо токтому чыгарылды.

Токтомдо Сириянын жалпысында гуманитардык жардамдардын «коопсуз, тоскоолдуксуз жана туруктуу» түрдө жеткириле алышы жана «абалы оор бейтап жана жаралуулардын» чыгарыла алышы үчүн бардык тараптардан «кеч калбастан» ок атышууларды эң аз 30 күнгө токтотуулары талап кылынды.

Токтомдо айрыкча өзгөчө режимдин курчоосу астында турган  адамзат абалы «тревога берген» Чыгыш Гута менен катар Йармук, Фуа жана Кефраядагы курчоолордун жоюлушу талабы коюлду.

Токтомго караганда Сирияда ДЕАШ, Аль-Каида, Нусра Фронту жана БУУнун коопсуздук кеңеши тарабынан белгиленген берки террордук топтор менен буларга байланышы болгон киши же топторго карай аскердик операциялар улантылат.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, добуш берүүдөн кийинки сөз сүйлөөсүндө, ок атышпоонун «өлкөнүн жалпысында дароо» ишке ашырыла баштоосу чакырыгын салды.

Сирия режиминин жана колдоочуларынын Чыгыш Гутадагы бомбалоону токтотушу жана гуманитардык жардамдын кирүүсүнө тез арада уруксат берилишинин абдан маанилүү экенине көңүл бурган Хейли: «Бул кризиске кийлигишүү жагынан абдан кеч калдык»,-деди.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия болсо ок атышпоонун «дароо» күчүнө кириши талап кылынганын, бирок мунун «ишке ашырылгыдай» жана «мүмкүн эместигин» ойлогондору үчүн токтом боюнча макулдашуу көпкө созулганын айтты.

Небензия, БУУнун коопсуздук кеңешинде кабыл алынган токтомдун «башкача чечмеленүүсүнө» жол бербей тургандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар