"ДЕАШ менен мурункудай күрөшө албай жатабыз»

Хизер Науэрт түрк куралдуу күчтөрүнүн Эркин Сирия Армиясы менен Афринде террордук уюмдарга каршы жүргүзгөн операцияларына байланыштуу маалымат берди.

916733
"ДЕАШ менен мурункудай күрөшө албай жатабыз»

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хизер Науэрт пресс  - жыйынында түрк куралдуу күчтөрүнүн Эркин Сирия Армиясы менен Афринде террордук уюмдарга каршы жүргүзгөн операцияларына байланыштуу маалымат берди. Науэрт  Сириянын чыгыш аймагында террордук уюм ДЕАШка каршы согушкан башка бир террордук уюм ЙПГ/ПКК мүчөлөрүнүн Афринге карай жыла баштагандыгын белгиледи. «Афринде болгондор көңүлдөрдү ДЕАШка каршы күрөштөн  башка тарапка бурууда»,- деп айткан катчы буларды билдирди : «Чыгышта биз менен бирге иштеген кээ бир күчтөрдүн Афринге карай кеткендигин көрүүдөбүз. Алардын үй  - бүлөлүк байланыштары бар; балким да себептердин бир бөлүгү ушул болсо керек. Бул  көңүлдөрдүн чар – жайыт болушуна себеп болууда. Себеби ДЕАШ менен мурункудай күрөшө албай жатабыз».



Тектеш кабарлар