БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сирияда ок атышпоолор боюнча чогулат

Сирияда бир ай «адамзаттык ок атышпоо» талап кылган чечим долбоору Түркия убактысы боюнча саат 19да добушка коюлат.

916806
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сирияда ок атышпоолор боюнча чогулат

 

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин февраль айындагы кезектешкен башкаруучусу Кувейттин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнөн берилген маалыматка караганда Швеция жана Кувейт тарабынан даярдалган, Сирияда бир ай «адамзаттык ок атышпоо» талап кылган чечим долбоору Түркия убактысы боюнча саат 19да добушка коюлат.

Долбоордо Сирияга гуманитардык жардам жеткирүү жана өзгөчө режимдин курчоосу астындагы Чыгыш Гутадагы 700 кишинин бошотулушу үчүн бир ай адамзаттык ок атышпоо талап кылынууда.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензиан кечээ макулдашуу болбогондуктан долбоорду бул абалы менен колдошпой тургандарын жана кээ бир өзгөртүүлөрдү сунуш кылышкандарын билдирген болчу. Добуш берүүдө Орусиянын долбоор үчүн кандай мамиле көрсөтөрү азырынча белгисиз.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде бир долбоордун кабыл алынышы үчүн 15 мүчөдөн эң аз тогузунун кабыл добуш бериши жана туруктуу мүчөлөр АКШ, Орусия, Кытай, Британия жана Франциянын эч биринин вето жоопкерчилигин колдонбошу керек.



Тектеш кабарлар