Порошенко менен Меркель сүйлөштү

Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

915044
Порошенко менен Меркель сүйлөштү

Украинанын президенти Петр Порошенко, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Украина Президенттигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, лидерлердин Минск келишиминин ишке ашырылышана байланыштуу абалды талкуулагандары белгиленди.

Билдирүүдө Донбаста ок атышпоонун күчтөндүрүшү керектигин баса белгилеген лидерлердин, туткундардын эркин кое берилишине байланыштуу маселеге да токтолгондору маалымдалды.

Эки лидердин жакынкы мезгилде украиналык туткундардын жана саясий камактагылардын эркин кое берилиши үчүн биргелеше иштешүүнүн улантылышы керектигин баса белгилегендери, Порошенко менен Меркелдин Донбаска БУУнун Тынчтык күчүн жиберүү темасында пикир алмашып, Нормандия форматы менен катар жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн улантылышы боюнча макулдашкандары билдирилди.

 



Тектеш кабарлар