БУУ эл аралык коомчулукту Чыгыш Гута боюнча эскертти

Аймактагы абал эл аралык каршы чыгууну тартты.

914793
БУУ эл аралык коомчулукту Чыгыш Гута боюнча эскертти

Сирияда Асад режиминин акыркы 48 саатта  Чыгыш Гутаны бомбалоосунан 167 киши каза тапты.

Аймактагы абал эл аралык каршы чыгууну тартты.

БУУ, Сириянын Чыгыш Гута аймагында күчөгөн кагылышуулар жана жарандардын үстүндөгү кыйратуучу таасиринин «тревога берилүүчү» абал болгонун жарыялады.

БУУнун башкы катчысынын өкүлчүлүгүнүн жарыясында башкы катчы Антонио Гутерриштин абадан кол салууларга жана бомбалоолорго дуушар болгон 400 миң жарандын абалына катуу кайгырганы билдирилди.

Режимдин курчоосунун себебинен Чыгыш Гутада жарандардын абдан кыйын шарттарда жашаганы жана жетээрсиз тамактануу коркунучу астында турганын сөз кылган маалымдоодо, дүйшөмбү күндөн бери 13ү бала 100дөн ашык кишинин абадан кол салуулар жана бомбалоолордун себебинен каза болгону белгиленди.

Аймакта 5 оорукана жана саламаттык сактоо борборунун абадан бомбалоолордо бутага алынганы жарыяланган маалымдоодо, 700 кишинин медициналык эвакуацияга муктаж болгону баса белгиленди.

Жарыяда гуманитардык жардамдардын жана эвакуациялардын жасала алышы үчүн бардык тараптарга ок атууну токтотуу чакырыгын салды.

АКШ да Чыгыш Гутадагы режимдин кол салууларына санааркап жатканын жарыялады.

 Мамлекеттик департаменттин катчысы Хизер Науэрт: «Чыгыш Гутада болгондордон улам терең кайгыруудабыз. Акыркы отчеттор көрсөтүп тургандай абадан кол салуулар түздөн түз ооруканаларды жана жарандар жашаган аймактарды бутага алыптыр, мунун жыйынтыгында болсо акыркы 48 сааттын ичинде жүздөн ашуун киши каза тапты»,-деп айтты.

Кол салуулардын акыркы күндөрдө дагы да артканын белгилеген Науэрт: «Асад режиминин курчоого алып адамдарды ачкачылык чегине түрткөн тактиканы ишке ашырууда жана бул болсо адамзат трагедиясы болуп саналат. Чыгыш Халебдеги апаат эми Чыгыш Гутада кайталанууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар