Сильвестр Сталлоне өзү тууралуу каза болду деген сөздөргө жооп берди

Социалдык медиа аркылуу белгилүү актер Сильвестр Сталлоненин каза болгондугуна байланыштуу кабарлар жайыла баштады.

914597
Сильвестр Сталлоне өзү тууралуу каза болду деген сөздөргө жооп берди

Социалдык медиа аркылуу белгилүү актер Сильвестр Сталлоненин каза болгондугуна байланыштуу кабарлар жайыла баштады. Окуянын негизи көп өтпөстөн белгилүү болду. Италия тектүү америкалык актер Сильвестр Сталлоне каза болгондугу тууралуу кабарларды төгүнгө чыгаруу үчүн социалдык медиа эсебинен маалымат жарыялады. Бул маалыматта 71 жаштагы актердун тирүү экендиги баса белгиленип : «Мындай кабарларга алданбаңыздар. Сильвестр Сталлоне жашап жатат жана абалы жакшы. Муштум менен согууну улантууда»,- деген сөздөргө орун берилди.

1946 -  жылы 6 – июлда туулган Сильвестер Сталлоне ушул күнгө чейин ойногон кинолордо башта Рокки Бальбоа жана Рамбо сыяктуу легендарлуу каармандар менен бир топ образды жаратты.

 



Тектеш кабарлар