Израиль аскерлери 2 палестиналыкты жаралады

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шерианын түндүгүндө өткөрүлгөн митингдерге кийлигишүүсүндө 2 палестиналыкты чыныгы ок менен жаралады.

914539
Израиль аскерлери 2 палестиналыкты жаралады

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шерианын түндүгүндө өткөрүлгөн митингдерге кийлигишүүсүндө 2 палестиналыкты чыныгы ок менен жаралады.

Батыш Шерианын түндүгүндөгү Калкиля шаарында АКШнын Иерусалимди  Израилдин борбор шаары катары таануу чечимине каршы чыккан палестиналыктарга Израиль аскерлери көздөн жаш агызуучу газ, пластикалык жана чыныгы ок менен кийлигишти.

Палестина саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта чыныгы ок менен бутунан жараланган бир палестиналыктын Тулкерм ооруканасына, курсагы жана колунан жараланган башка бир палестиналыктын болсо Салфит ооруканасына жаткырылгандыгы билдирилди.

АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамптын Иерусалимди : «Израилдин борбор шаары» катары тааныгандыгын жарыялаган 2017 -  жылдын 6 -  декабрынан бери Палестинанын бир топ аймагында митингдер өткөрүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар