Деңизде 324 киши куткарылды

Алардын арасында балдар жана аялдар да бар.

914149
Деңизде 324 киши куткарылды

Ливиянын батышындагы Зувара шаарынын жээктеринде, арасында аял жана балдар да болгон 324 киши Ливиянын деңиз күчтөрүнө караштуу жээк коопсуздугун сактоочу топтору тарабынан куткарылды.

Деңиз күчтөрүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өлкөнүн батышындагы Зувара шаарынан 7 милл жээкте Европага мыйзамсыз жолдор менен барууга аракет кылган 16сы бала, 35и аял жалпы 324 качкын-көчмөндүн жээк коопсуздугун сактоочу топтор тарабынан куткарылганы белгиленди.

Маалымдалгандай Ливияда 24 өлкөдөн баш калкалоочулар бар. Булардын 95 пайызын Жер ортолук деңиз аркылуу Европага барууга аракет кылган африкалыктар түзөт.



Тектеш кабарлар