Афганстан Кытайдын аскердик база кургандыгын төгүнгө чыгарды

Кытай коргоо министрлигинин расмий өкүлү Ву Киан да бул маалыматты четке какты.

914330
Афганстан Кытайдын аскердик база кургандыгын төгүнгө чыгарды

Афганстан коопсуздук кеңеши Кытайдын катышуусу менен Тажисктан чек арасындагы Бадахшан аймагында бир аскердик база курулду деген кабарларды төгүнгө чыгарды. Кеңештен берилген маалыматта : «Чет өлкөлөрдүн Афганстан менен аскердик кызматташтык же алардын өлкөбүздөгү аскерлери Афганстандын мамлекет башчысы, коопсуздук кеңеши жана парламентинин бекитүүсү болбостон ишке ашырыла албайт»,- деп билдирилди.

Коопсуздук Кеңеши Кытайдын Афганстанда аскерлеринин болушу тууралуу бул өлкө өкмөтү менен талкууланбагандыгын да билдирди. Январь айында Пекин жана Кабул өкмөттөрүнүн Тажикстан чек арасындагы Бадахшан аймагында Кытайдын аскердик база курарына байланыштуу кабарлар төгүнгө чыгарылган.

Кытай коргоо министрлигинин расмий өкүлү Ву Киан да бул маалыматты четке кагып: «Кытайдын Афганстанда бир аскердик база курары тууралуу сөздөр туура эмес»,- деди.



Тектеш кабарлар