Түштүк Кореяда нововирсу биринчи жолу атлеттерге жукту
Түштүк Кореядагы нововирус эпидемиясы биринчи жолу 2018 Пхенчхан кышкы олимпиадаларында жарышкан атлеттерге да таасирин тийгизди.
Түштүк Кореядагы нововирус эпидемиясы биринчи жолу 2018 Пхенчхан кышкы олимпиадаларында жарышкан атлеттерге да таасирин тийгизди.
Швейцария олимпиада командасы эки эркин стилдеги лыжачысына вирустун жуккандыгын жарыялады. Команданын катчысы вирус жуккан атлеттердин бирөөсүнүн Фабиан Буш экендигин жарыялап, башка атлеттин атын билдирген жок. Катчы : «Баары ишенимдүү. Жасала турган бардык нерсени аткардык. Аларды команданын калганынан бөлүндүк жана азыркы учурда жакшыруу процессинде»,- деди.
Түштүк Кореяда олимпиада кызматкери жана коопсуздук кызматкери 200дөн ашуун кишиге жуккан вирус андан мурда эч бир атлетке жуккан эмес. Жуулбаган мөмөм – чөмө жана жашылча - жемиштерден жуккан нововирус ич оорусу, кусуу жана ич өткөккө жол ачууда. Вирустун жайылышына тоскоол болуунун эң таасирдүү жолунун колду абдан жакшы жууш керек жана гигиенага көңүл буруу экендиги белгиленүүдө.