Чыгыш Гутада 6 киши каза тапты

Оппозицичылдардын көзөмөлүндөгү Чыгыш Гутада 400 миңге жакын жаран жашап жатат.

911958
Чыгыш Гутада 6 киши каза тапты

 Сирияда Башар Асад режими тарабынан блокадага алынган Чыгыш Гута аймагына жасалган кол салууларда экөөсү бала болгон алты жаран каза болду. Жарандык коргонуунун берген маалыматына ылайык режимдин Думага жасаган абадан кол салууларында алты кишинин каза болгондугу, алардын ичинен экөөсүнүн бала экендиги билдирилди.

Бомбалоолордо жараланган жарандар саламаттык сактоо борборлорунда дарыланууда. Оппозицичылдардын көзөмөлүндөгү Чыгыш Гутада 400 миңге жакын жаран жашап жатат. Чыгыш Гута Астана келишимдеринде араздашууну азайтуу аймагы деп жарыяланган. Бирок Орусия кепилдигин алган Асад режими өткөн жылы апрель айынан бери аймакты катуу блокадага алып, акыркы айларда кол салууларын күчөттү.

Адамзаттык кризис тереңдеген аймакта тез жардам күткөн жүздөгөн жана миңдеген оорулуу аймактан чыгууну күтүп жатат. Оорулуулардан бир тобу балдар же күчөгөн рак оорулуулары. Чыгыш гуталык көп сандаган бөбөк жана бала да ачкачылык, дарысыздыктын айынан өмүрүнөн ажырады.



Тектеш кабарлар