Түркия Идлибге дагы бир байкоочу пункт курууда...

Конвой Идлиб чыңалууну басаңдатуу аймагынын түштүк-чыгышында Маарретинуман районуна караштуу Эс Сырман айылына жайгаштырылды.

911261
Түркия Идлибге дагы бир байкоочу пункт курууда...

Түрк куралдуу күчтөрүнө (ТКК) таандык бир конвой Сирияда «Идлиб чыңалууну басаңдатуу аймагында» жаңы ок атышпоону байкоо пунктун салуу үчүн Маарретинуман районуна караштуу Эс Сырман айылына жайгашты.

Астана жолугушууларынын алкагында Идлиб чыңалууну басаңдатуу аймагында түзүлө турган ок атышпоону байкоо пункту үчүн кечээ кечинде Түркия-Сирия чек арасынан ашкан аскердик конвой Идлиб-Африн багытында түштүктү көздөй бет алды.

Конвой Идлиб чыңалууну басаңдатуу аймагынын түштүк-чыгышында Маарретинуман районуна караштуу Эс Сырман айылына жайгаштырылды.

Жаңы чалгындоо пункту Түркия-Сирия чек арасынан 70 км ичкериде орун алат.

Жайгашкан жердин орто эсеп менен 10 км маңдайындагы багыттарда, Башар Асад режиминин армиясынын элементтери жана Иран колдоого алган топтор орун алган.

Казакстандын борбор шаары Астанада кепил өлкөлөр Түркия, Орусия жана Ирандын ортосунда жетишилген келишимдин алкагында ТКК, 2017-жылдын 12-октябрында чыңалууну басаңдатуу аймагындагы ок атышпоо тартибин байкаш үчүн чалгындоо пункттарын кура баштаган.

Келишимге ылайык баскычтуу түрдө Идлибдин түндүгүнөн түштүгүнө карай созула турган өткөрүүдө ТККнын бардыгы 12 чалгындоо пунктун куруусу көздөлгөн.

Өткөрүүлөр аяктап, ТККнын байкоо миссиясынын башталышына кийин Чыңалууну басаңдатуучу текшерүү күчүндө орун алган Орусия күчтөрүнүн Идлиб чыңалууну басаңдатуу аймагынын тыш жагында режим менен оппозициячылдардын фронт багытында жайгашуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар