Орусиянын энергетика министри Сауд Аравияда

Сауд Аравиянын королу Селман бин Абдулазиз Орусиянын энергетика министри Александр Новакты борбор шаар Рияддагы Йемаме сарайында кабыл алды.

910643
Орусиянын энергетика министри Сауд Аравияда

Сауд Аравиянын королу Селман бин Абдулазиз расмий сапар менен барган Орусиянын энергетика министри Александр Новакты борбор шаар Рияддагы Йемаме сарайында кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштар менен бирге энергетика тармагында кызматташтыкты күчтөндүрүү жолдору каралды. Король Селман менен орус министри Новактын өзгөчө дүйнөлүк нефть запастарынын ашыкчаларынын азайтылышы үчүн өндүрүүчү өлкөлөрдүн жол башчылыгында нефть базарынын кайрадан тең салмактуу абалга алып келүү тууралуу сүйлөшкөндөрү билдирилди.

Жолугушууга Сауд Аравиянын ички иштер министри Эмир Абдулазиз бин Сууд бин Найиф, мамлекеттик министр Мусаид бин Мухаммед ел  - айбан, энергетика, өнөр жай жана кен байлыктар министри Халид Фалих тышкы иштерден жооптуу мамлекеттик министр Низар бин Убейд ел  - Медени менен Орусиянын Рияддагы элчиси Сергей Козлов да катышты.



Тектеш кабарлар