Москвада кулап түшкөн учак тууралуу маалыматтар жарыяланды

Орусиянын жүргүнчү учагы Ан-148дин кара кутусун иликтөө иштери аяктады.

909923
Москвада кулап түшкөн учак тууралуу маалыматтар жарыяланды

Москвадан Орск шаарын көздөй учкандан кийин көп өтпөй кулап түшкөн Орусиянын жүргүнчү учагы Ан-148дин кара кутусун иликтөө иштери аяктады.

Учактын учуу ылдамдыгынын жаңылыш көрсөткүчүнөн улам кулаган болушу мүмкүн экени билдирилди.

Орусиянын Авиация комитетинин жарыясында, «Учакта учкандан 2 мүнөт 30 секунд өткөн соң, 1300 метр бийиктикте саатына 465-470 км ылдамдык менен учкан убакта маселе жаралды» деген сөздөр орун алды.

Комитет жарыясын мындай улантты: «Катталган даталарды иликтөөлөр жана өткөндөгү окшош окуялар боюнча анализдер, учуу убагындагы маселенин учкучтардын абанын ылдамдыгы көрсөткүчүндөгү жаңылыш даталардан келип чыккан болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Жаңылыш маалыматтар да ысытуу системасынын процесстин тышында калышынан улам пайда болгон муз тоңуудан келип чыкты».

Маалыматка караганда учуу убагында учакта орун алган үч көрсөткүчтөгү ысытуу системасы жабык болчу.

Кара кутудагы берки  учуу тууралуу 15 каттоолор болсо ысытуу системасынын учуудан мурда ачылганын көрсөттү.

Комитет ысытуу системасынын эмне себептен жабык болгонунун изилдениши үчүн комиссия түзө туганын билдирди.

Түзүлө турган комиссия учкучтардын иш-аракеттери туурасында маалымат алуу үчүн учактагы үн каттоочу аппаратты чечмелейт. Учактын кыйрындысынан чыгарылган ысытуу системасынын деталдарында да кандайдыр бир бузуктук болуп болбогону боюнча иликтөө жүргүзөт.



Тектеш кабарлар