АКШда сасык тумоо эпидемиясынан 4 миңден ашуун адам көз жумду

АКШда сасык тумоо эпидемиясы жүрүп жатат.

909810
АКШда сасык тумоо эпидемиясынан 4 миңден ашуун адам көз жумду

АКШда акыркы 15 жылдын эң оор сасык тумоо эпидемиясы жүрүп жатат.

Январь айынын 3-жумасында сасык тумоо жана пневмониянын себебинен көз жумгандардын саны 4 миңден ашты жана булардын 63ү балдар.

Ооруну жөнгө салуу жана коргоо борбору (CDC), эпидемиянын дагы бир канча жумага созулушу мүмкүн экенин, инфекциялык сасык тумоонун беркилерге салыштырмалуу оңою менен айыкпай турганын билдирди.

Өлкөдөгү грип эпидемиясына байланыштуу маалымат берген CDC  директору Энн Шучат: «Бул мезгил өтө оор өтчүдөй жана качан аяктаарын билбейбиз»,-деген сөздөрү менен эпидемиянын орчундуу экенин ортого салды.

Сасык тумоодон көз жумгандардын санынын келээрки жумаларда көбөйүшү мүмкүн экенине тынчсыздангандарын белгилеген Шучат, оорулууларды дарылаган ар бир 13 дарыгерден биринин да сасык тумоого чалдыкканын айтты.

АКШ өкмөтүнүн отчетуна караганда, сасык тумоо эпидемиясы 2009-жыл жана 2010-жылдагы чочко тумоодон дагы жаман.

Айрыкча дарыканалардагы грипке каршы дарылардын дээрлик бардыгынын сатылганы жана айрым штаттарда өткөн жылга салыштырмалуу 6 эсе керектелгени белгиленди.



Тектеш кабарлар