Италияда апельсин согушу

Апельсин согушу салтынын ортоңку кылымда элдин бир графка каршы көтөрүлүшү менен башталгандыгына ишенилүүдө.

908794
Италияда апельсин согушу

Италияда салтка айланган «Апельсин согушу» фестивалында 180 киши жеңил жараланды. Өлкөнүн түндүгүндө Торино жакындарында Ивреа шаарындагы аянтта чогулган жүздөгөн киши ортоңку кылымдагы кийимдерди кийип апельсин жүктөлгөн аттуу арабаларга отурушту.

Үч күнгө созула турган фестивалдын биринчи күнүндө он миңдеген апельсин колдонулду. Фестивалды көргөн бирок апельсин согушуна катышууну каалабагандар кызыл шапка кийип өздөрүн коргошту. Апельсин согушу салтынын ортоңку кылымда элдин бир графка каршы көтөрүлүшү менен башталгандыгына ишенилүүдө.



Тектеш кабарлар