Ирандын диний лидери Айетуллах Али Хаманей каза болдубу?

Диний лидердин каза болгондугуна байланыштуу азырынча маалымат берилбесе да  басма сөз Хаманейдин ичеги рагынан каза болгондугун жазууда.

909031
Ирандын диний лидери Айетуллах Али Хаманей каза болдубу?

Иран төңкөрүшүнүн 39 – жылын белгилөөгө диний лидер Айетуллах Али Хаманейдин  катышпашы «өлүм» ушак айыңдарынын чыгышына себеп болду. Ислам төңкөрүшүнүн 39 -  жылы бобор шаар Тегерандын Азади аянтында өткөрүлгөн азем менен белгиленди.

Президент Хасан Рухини да катышкан аземде эл колдорунда байрактар менен ислам төңкөрүшүнүн лидери Айетуллах Хумейни жана диний лидер Хаманейдин портреттери менен жүрүштү. Бирок Хаманей тууралуу чыккан сөздөр аземге көлөкө түшүрдү. Хаманейдин бир канча күн үйдөн чыкпашы жана саламаттыгынын начарлашы диний лидер каза болду деген ойлорду да кошо ала келди.

Хаманейдин жыл сайын президент менен бирге катышкан аземге бул жылы катышпашы да бул ойлорду бекемдеп жаткандыгы айтылууда. Гезиттерде да Хаманейдин каза болгондугу жазылды.

Диний лидердин каза болгондугуна байланыштуу азырынча маалымат берилбесе да  басма сөз Хаманейдин ичеги рагынан каза болгондугун жазууда.



Тектеш кабарлар