Германияда Европалык Түрк демократтардын митинги өттү

Европалык түрк демократтар (UETD), Германиянын Төмөнкү Саксония провинциясына караштуу Салзгиттер шаарында митинг уюштурду.

908973
Германияда Европалык Түрк демократтардын митинги өттү

Европалык түрк демократтар (UETD), Германиянын Төмөнкү Саксония провинциясына караштуу Салзгиттер шаарында «Биримдик, ынтымак жана туугандык» аттуу митинг уюштурду.

Шаар борборундагы митинг, Түркиянын Боштондук гимни жана Германиянын улуттук гимнинин ойнолушу менен башталды. Андан соң шейиттер үчүн таазим этилип, дуа кылынды.

Колдоруна Түркия желегин жана ай жылдыздуу шарларды көтөргөн миңдеген киши «Түрк-Күрт бир тууган», «Жок болсун террор!», «ЙПГ/ПЙД/ПКК/ДЕАШ жана туундуларынын бардыгы террор уюму!» деп жазылган плакаттарды көтөрүп жүрүштү.

Мтингде Сириянын Африн аймагындагы террор уюму түзүлүшүнө карай жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылынын Түркиянын мыйзамдуу коргонуу укугу болгонун баса белгиледи.

Европалык түрк демократтардын (UETD) жетекчиси Зафер Сарыкая, шейиттерди эскерип баштаган сөзүндө өткөндө геноцидге, согуштарга жана апаааттарга дуушар болгон адамдарга кучак жайган түрк улутунун, бүгүнкү күндө миллиондогон жабыркагандарга көңүлүн ачканын айтты.



Тектеш кабарлар