Москвадан учкан учак көп өтпөй кулап түштү

Орусиянын Интерфакс маалымат агенттигинин кабарына караганда Саратов аба жолдору иштеткен «Антонов Ан-148» үлгүсүндөгү жүргүнчү учагынын Москванын айланасына түшкөнү билдирилди.

908333
Москвадан учкан учак көп өтпөй кулап түштү

Орусиянын борбор шаары Москванын Домодедово аэропортунан учкан жана ичинде 71 жүргүнчү орун алган Саратов аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагынын учкандан 2 мүнөт өткөн соң радарга карматпай кеткени жарыяланды.

Орусиянын Интерфакс маалымат агенттигинин кабарына караганда Саратов аба жолдору иштеткен «Антонов Ан-148» үлгүсүндөгү жүргүнчү учагынын Москванын айланасына түшкөнү билдирилди.

Москванын Өзгөчө  кырдаалдар боюнча башкы башкармалыгынын жарыясына караганда учактын Раменский шаарына түшкөн болушу мүмкүн экени жана куткаруучу топтордун аймакта издөө иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалды.

Москвадан Орскка учкан учакта 65 жүргүнчү жана 6 экипаж бар болчу.

Бул учурда Орусиянын транспорт министри Максим Соколовдун иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн учак түшкөн аймакка аттанганы маалымдалды.

Орусиянын териштирүү комитети да окуя тууралуу териштирүүнү баштатты.



Тектеш кабарлар