Комиссияга сунушталган далилдер террор уюму ПКК менен ЙПГнын байланышын негиздеп турат

Англия Парламентинин астыңкы баскычы Өкүлдөр палатасынын (палата общин) Тышкы иштер боюнча комиссиясынын төрагасы Том Тугендхат, Сирияда террор уюму ПКК/ЙПГнын байланыштары каралган отчет тууралуу маалымат берди.

908043
Комиссияга сунушталган далилдер террор уюму ПКК менен ЙПГнын байланышын негиздеп турат

Англия Парламентинин астыңкы баскычы Өкүлдөр палатасынын (палата общин) Тышкы иштер боюнча комиссиясынын төрагасы Том Тугендхат, комиссияга сунушталган далилдердин террор уюму ПКК менен ЙПГнын байланышын негиздеп турганын жарыялады.

Том Тугендхат: «Бул жагдайда Англия өкмөтү кайсы позицияда экенин ачыкка чыгарышы керек. Англиянын Тышкы иштер министрлигинин учурдагы көз карашы дал келбейт»,-деди.

Англияда Өкүлдөр палатасынын (палата общин) Тышкы иштер боюнча комиссиясынын 3 айлык эмгектенүүсүнүн натыйжасында Сирияда террор уюму ПКК/ЙПГнын байланыштары каралган 33 барактык отчет жарыяланды.

Отчет тууралуу маалымдоо жасаган комиссиянын төрагасы Тугендхат: « Изилдөөбүз убагында сунушталган далилдер ЙПГнын ПКК менен байланышы болгонун ырастады. Бирок Англиянын Тышкы иштер министрлиги бул байланыштар болгону темасында да чечкиндүү көрүнгөн жок. Буга ишенип болбойт»,-деди.

Түркиянын ЙПГны ПКК менен байланышы болгон террор уюуму катары караганын, АКШнын болсо ошол эле уюмду ДЕАШ менен күрөшүүдө шериктеш катары эсептегенин жана курал камсыздаганын билдирген Тугендхат, Англиянын  бул жагдайда  кайсы позицияда экенин ачыкка чыгарышы керектигине басым жасады.



Тектеш кабарлар